Окуучунун жоолугун мажбурлап чечкен директорго чара көрүлдүбү? Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн жообу

Алай районундагы мектептердин биринде, мектеп директору окуучунун жоолугун чечүүгө мажбурлап жаткан видеосу интернетке тарап кеткен. Мектеп директорунун окуучуга карата жасаган мамилеси кызуу талкууга алынган.
Окуянын чоо-жайы боюнча SUPER.KG порталына Алай райондук билим берүү бөлүмү жооп берди.
"Бүгүн, 18-сентябрда Алай райондук билим берүү бөлүмүндө ошол окуяга байланыштуу атайын жыйналыш болуп өттү. Жыйналышка видеодогу мектеп директору, тарбия завучу, класс жетекчиси чакырылган. Экинчи тарап болгон кыздын ата-энеси жыйналышка келүүдөн баш тартты. Жыйналышка айыл өкмөтүнүн башчысы дагы катышты. Окуянын негизги каарманы болгон мектеп директору өкмөттүн №541 токтомуна ылайык чыккан жобонун негизинде иш алып барганын айткан. Жободо окуучулардын бирдиктүү форма кийүүсү тууралуу айтылган. Жетекчилик директорго түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге катуу эскертүү берди. Учурда эки тарап келишип, окуучу кыз мектепке жоолугу менен барып жатат", - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

Мугалимдики туура. Хиджаб кийбегиле кыргыздын кыздары. Хиджаб бул кыздарды кайндайдыр бир деңгеелде басмырлоо максатында колдонуп келишкен. Өзгөчө жаш кыз жүзүнөрдү каткандан пайда жок. Турмушта хиджабка чүмкөнгөн афган иран араб кыздарынын кейпин кийип каласынар. Молдолордон жакшылык күтпөгүлө.
Окмот жоолукчан сабакка катышууга тыю салган сон, эмнеге директор жазаланышы керек, мээнди иштетчи?!!
Коншу Озбекистанда окуучу эле эмес, студенттерге Окмот тыю салып отурат хиджапчан сабакка катышууга. Жоолук эмей эле хиджап деп жургуло, бурмалабай. Окуучу кыздарга хиджап кийгизип Афганистанга вйлангынар барбы?!
Чубак айттыбы, хиджап кийбесе эле жыналач болуп сойку болуп кетет деп?!! Анда сенин апан, чон эне, тайенен сойку болгон экен да ээ?!!
Курманжан энебиз да хиджап кийген эмес, болбосо диний тушунугу Чубак экоонкунон жогору болго