Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы белгилүү болду

Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер арасындагы беттештер старт алды. Анда 62 килограмм салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова эртен, 19-сентябрда килемге чыгат.
Тыныбекова 1/16 финалда мексикалык атаандашы Алехандра Ромеро Бонилья менен кез келет.
Буга чейин кыз-келиндер курама командасынан Мадина Надырова, Нураида Анаркулова жана Айпери Медет кызы жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.