Бишкек ШИИББи: "Чек арадагы абал боюнча нааразычылык акциясы учурунда кармалгандарга жеринен профилактикалык маектер жүргүзүлгөн"
17-сентябрда Ак Үйдүн алдына Баткендеги Тажикстан менен болгон чек арадагы абалга нааразы болуп, чогулган жарандарды милиция кызматкерлери кармап кеткен. Онго чукул жарандар ошол эле замат кайра коё берилгендигин Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Кечээ Ак Үйдүн алдынан кармалган жарандар ошол жерден эле коё берилип, төртөөсүнө профилактикалык маек жүргүзүлгөн", - деди мекеменин маалымат кызматынан.
Баткендеги Тажикстан менен болгон чек арадагы абалга нааразы болгон тургундар Ак Үйдүн алдында тынчтык митингин өткөрүүгө чогулушканда, күч органдары аларды таратуу аракетин көргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:04
2025-06-25
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.