super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: "Балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту токтотууну өкмөт башкы приоритетте карап жатат". КҮНСОБОЛ

 

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытов балдарга карата зордук-зомбулуктун саны өсүп жатканын билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы балдарга карата жасалган кылмыштардын саны 1368ди түзөт. 2016-жылдан тартып жашы жете элек балдарга карата жасалган кылмыштардын санынын өсүш тенденциясы сакталууда.

Акыйкатчы Кыргыз мамлекетинде кылмыштардын саны тынымсыз өсүп жатканын, эки жыл аралыгында 28,4 пайызга жогорулаганын белгиледи.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү акыркы эки жылда өстү. Бийлик балдардын маселесине, келечегине кайдыгерлик кылып жатабы?" деген собол салды.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, бул көрүнүштү жоюу үчүн өкмөттө алгылыктуу иш-аракеттер башталды.

"Бийлик кайдыгерлик кылбайт, бул маселе биринчи приоритетте каралат. Жөн эле каралбай, конкреттүү чаралар көрүлүп жатат. Биринчиден, өкмөттүн токтому кабыл алынды, ар бир айыл өкмөткө 950 социалдык кызматкерлерди жөнөтүү боюнча. Аларды айыл өкмөткө жумушка орноштуруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Социалдык кызматкерлердин бирден бир милдети - балдар, үй-бүлөлөр менен иштөө. Аз камсыз болгон, ата-энеси алыста жүргөн балдардын жашаган жерин кыдырат. Ар бир райондо 1-2ден эле социалдык кызматкерлер иштешчү, алар бүт районго үлгүрбөйт да.

Айылда тургундар бири-биринин жашоо-турмушун билет. Кимдин атасы ичет, кимдин апасы сабайт, кайсы бала туугандарынын колунда калып, кордолуп жатат деген маалыматтарды ошол социалдык кызматкерлер топтоп, атайын маалыматтык база ачылат, ошол жакка киргизип турат", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: