Кыргыз мушкерлери Дүйнө чемпиондугунда медалга илинген жок
Орусиянын Екатеринбург шаарында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүүдө. Анда кыргыз мушкерлери медалга илинбей, мелдештен четтеп калышты.
Мелдешке жалпы 6 мушкер катышкан. 81 килограмм салмакта Эркин Адылбек уулу, 57 килограмм салмакта Мунарбек Сейитбек уулу жана 69 килограмм салмакта Абдурахман Абдурахманов мелдештин 1/16 финалында жеңилип калышты.
Арген Кадырбек уулу 63 килограмм салмакта 1/32 финалда утулууга дуушар болду.
52 килограмм салмакта Азат Усеналиев жана 75 килограмм салмакта Өмүрбек Бекжигит уулу 1/8 финалда утулуп калышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aidar.001

18.09.2019. 20:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таланты жок таанышы коп (атка минерлердин туугандыры)спортсмендерди дуйно чемпиондугуна алып бара калышкан бокс федерациясы, ушул салмактарда мен билген жакшы боксчулар бар, ошолорду колдоп берсе жыйынтык корсотот эле! !
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.