Жаныбарларды коргоо уюму Хабибди аюу менен күрөшкөнү үчүн чара көрүлүшүн UFC'ден талап кылды

"Адамдар жаныбарлар менен жакшы мамиледе" уюму орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов аюу менен күрөшкөнү үчүн UFC чара көрүүсү керектигин талап кылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар билдирди.
"UFC уюму Хабиб Нурмагомедов менен болгон келишимин мушкердин жаныбарларга болгон мамилесин өзгөртмөйүнчө кайрадан карап көрүүсү керек. Жаныбарларга сый мамилесин көрсөтсүн. Байланып турган аюулар менен күрөшүү бул көңүл иренжиткен көрүнүш. Хабиб күрөшүүгө макул болгон адамдар менен күрөшө берсин", - дейт аталган уюмдун директору Элиза Аллен.
Буга чейин Хабибдин аюу менен күрөшүп жаткан видеосу интернетке тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Качан караба бир акмактыгын баштайт. Бир карасан кайырчыларды кордойт. Бир карасан мамалакты кордойт. Хабиб менен цирктеги клоундун айырмасы жок... Хабиб да клоун...
Япондор китти,корейлер итти кытайлар эшекти союп жеп,эмне учун аларга тиши отпойт ошол организациянын.