super.kg logo

"УКМКнын кызматкерлерибиз деп алдашкан". Чүйдө орусиялык жарандын акчасын уурдаганга шектүүлөр кармалды

 

Кечээ, 18-сентябрда Чүй облустук милициясы орусиялык жарандын акчасын уурдаганга шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлап, шектүүлөр "Коопсуз шаар" долбоору аркылуу орнотулган видеокамералар аркылуу табылганын белгиледи.

Ага ылайык, 17-сентябрь күнү Ысык-Ата райондук милициясына Орусиянын жараны кайрылып, акчасын уурдагандарды таап, чара көрүүнү өтүнгөн.

"17-сентябрь күнү орусиялык жаран Бишкек-Торугарт жолунда, Ивановка айылында БМВ унаасын айдап бара жаткан. Аны жолдон 2 адам токтотуп, өздөрүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерибиз деп тааныштырып, документтерин, сумкасын көрсөтүүнү талап кылышкан. Ал баштыгын ачып текшерткенде, ал 2 жаран байкатпай 10 миң рубль акчасын уурдап коюшкан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүлөр Бишкектен кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле иликтөө иштеринде алар УКМКнын кызматкерлери эместиги белгилүү болду. Учурда бул фактыны Ысык-Ата РИИБи сотко чейинки өндүрүшкө алып, тиешелүү иш-чаралар уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.09.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушулга окшогон эшек мээлердин айынан бүтүндөй кыргыздар жаман атты болот
19.09.2019. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткыла эми өзүңөр окшошуп УКМК сурак берип
19.09.2019. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
По-любому семейный адамдар анан кантип ошол арам акчага балдарына нан сатып беришет???ушуга окшогон арам акча менен уй булоосун баккандарга эч тушунбойм.
19.09.2019. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайран беттер
19.09.2019. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык адамдар коп ээ коомубузда чон эле адамдар ойлонгону 1класстын баласындай ойлонушаттар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: