super.kg logo

Максат айылындагы атышууда ок тийген мектептин чыгымын ӨКМ эсептеп жатат (сүрөт)

 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы атышуудан Баткендеги Максат айылындагы Максат атындагы мектептин имаратына ок тийген.

Аталган мектеп 225 балага ылайыкталып курулуп, учурда 196 бала билим алып жаткан. Ок имараттын алты-жети жерине тийип, дубалдарды тешип кирип, айнектерди талкалаган. Учурда аталган мектептин чыгымдырын ӨКМ эсептеп жатат. Бул тууралуу Максат мектебинин директору Каттабек Жумабаев SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, балдар бүгүн, 19-сентябрдан баштап мектепке келип окуй баштаган. Бирок аталган аймакта абал стабилдүү болгону менен адамдар коркуп калган.

"Мектептеги чыгымдарды ӨКМ эсептеп кеткен. Бирок болжол менен ал жердеги чыгым 50-60 миң сомду түзүшү мүмкүн. Учурда айнектерди окуучулар көрбөсүн деп ак кагаз чаптап, тосуп жатабыз. Бүгүн, 19-сентябрда жергиликтүү окуучуларыбыз мектепке келип окуй башташты. Бирок балдардын көбү сабакка келише элек. Кээ бир адамдар нес абалда болгондуктан, аларга психологиялык, юридикалык жардам керек. Окуядан кийин коркуп айылга келе элек жарандар дагы бар", - деди мектеп директору.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.09.2019. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мадумаров тажиктерге жерди бергенин Азататтыктагы Ынгайсыз Суроолордо да моюнга алды. Чек арадагы чыр дал ушул Мадумаровдун айынан болуп жатат. Ушул кишини жоопко тартмайынча чыр токтобойт
19.09.2019. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Так эсептегиле анан, миллион сомдук чыгым болду деп журбогуло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: