super.kg logo

"Жарандарга 495 сом". Бишкектеги коомдук транспортто электрондук карталар ноябрдан тартып сатыла баштайт

 

Бишкек шаарында коомдук транспортто электрондук карталарды сатуу ноябрь айынан башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы кабарлап, 15-октябрга чейин текшерүү этабы өтөрүн билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда №8 автобус жана №14 троллейбустун каттамына картадагы каражатты эсептеп чыгаруу иштери жүрүүдө. Карталар үч түрдө: акысыз, жеңилдетилген жана стандарттык болуп чыгарылат. Акысыз карталар пенсионерлер менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана почточуларга берилет. Алардын саны шаарда 83 миңге жетет. Мектеп окуучуларына жана жеңилдетүү боюнча алгандарга картаны берүү 20-октябрга чейин жүргүзүлөт.

"Учурда билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери мугалимдер, ата-энелер менен биргеликте балдардын маалыматын топтоп жатат. Андан кийин каалоочуларга транспорт үчүн электрондук карталар берилет. Эгерде окуучу коомдук транспортто жүрбөсө, ал карта алууга мажбурланбайт.

Электрондук картанын баасы окуучулар үчүн бир айга 175 сом, жарандар үчүн 495 сомду түзөт. Муну менен катар эле жарандын коомдук унаада жүрүшүнө чектөө салынбайт. Электрондук картанын өзүнүн баасы 50 сом. Кимдир бирөө билетин айрып же булгап алса кайра жаңылоо мүмкүнчүлүгү бар. Картанын эсебин толтуруу Pay24 терминалы аркылуу жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Мындай долбоор Швейцария компаниясы менен биргеликте жүргүзүлүп жатат. Компания керектүү болгон бардык жабдыктар менен камсыздайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
19.09.2019. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коомдук транспорт болгондо жалан эле автобус менен троллейбус бу же маршрутка да киреби ?
19.09.2019. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TalaCSKA,"Маршрутка пока в процессе" деп жооп беришти мэриядан
19.09.2019. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рау24 терминалдар рулиииит
19.09.2019. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо 495 сомго алсан каалагандай журо бересинби?
19.09.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_bloger, Ооба, чек жок экен
19.09.2019. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маршруттук каттамдарга 2020ж февраль айынан баштап жургузулө баштайт деп бизге мектептен маалымат беришти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: