super.kg logo

ЖАМК: "Фарид Ниязов 12 кишилик камерада 6 жаран менен отурат"

 

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов СИЗО-1де 12 кишилик камерада 6 киши менен отурат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ниязов отурган камерадагы жарандар мурда сот жообуна тартылбаган адамдар.

"Фарид Ниязов менен отургандар "адам өлтүрүү", "зордуктоо" беренелери боюнча шектүүлөр эмес. Башка кылмыштарга шектелип отургандар. Ниязовго жактоочусу, депутаттар кирип жолугуп кетип жатышат. Ал эми үй-бүлөсү менен жолугууну анын ишин карап жаткан тергөөчү гана чечет", - деди маалымат катчы.

Буга чейин Кундуз Жолдубаева Фарид Ниязов "барымтага алуу" беренеси боюнча кармалганын айткан. Андан тышкары, "массалык башаламандыкты уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда. 10-августта Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынган. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
19.09.2019. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Фарид Атамбаевди ушул жолго алып келди жазасын толук алып чыгышы керек.
19.09.2019. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызга кыргыз эле куйот,эки Фарид менен Раиса бизнесс центрлерин ачкан Татарстанда булардын журогу татарстан менен.
19.09.2019. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Absamat-90,Фарид кыргыз эле го. Биз кичинекей кездеки Аблезим Ниязов деген диктордун уулу да
19.09.2019. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фаридге өзүнчо хата бериш керек беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: