super.kg logo

Кыргыздын "Жөө күлүк" тасмасы Германияда өтө турган кинофестивалга катышат

 

Кыргыз режиссёру Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы Германияда өтө турган эл аралык кинофестивалдын "Junior Film Competition" өспүрүмдөр киносунун негизги сынагына тандалып алынды.

Маалыматка ылайык, кинофестиваль Германиянын Хемниц шаарында 7-13-октябрда өтөт. Сынакта 50 өлкөдөн келген 124 тасма катышат. Фестивалдын жыйынтыгында калыстар тобу "Кичинекей балдар үчүн тасма", "Өспүрүмдөр үчүн тасма", "Жаштар үчүн тасма", "Кыска метраждуу жана анимациялык тасма", "Фокус-Германия" сыяктуу номинациялар боюнча мыктыларды тандашат.

"Жөө күлүк" тасмасы 12 жаштагы өспүрүмдүн жашоосунан алынган окуя. Өспүрүм бул жашоонун көптөгөн кыйынчылыктарына жолукканына карабастан, өзүнүн жүрөгүндө адамгерчиликти жана боорукерликти сактап калган. Жекшен бул дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүү мүмкүн экенине дагы да болсо ишенет.

Айта кетсек, аталган тасма буга чейин Пусан эл аралык кинофестивалына да чакыруу алган.






"Жөө Күлүк" тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: