Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери митингге чыгышты
Бүгүн, 19-сентябрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери тынчтык митингин өткөрүштү. Жогорку Кеңештин имаратынын алдында 25ге жакын эне чогулган. Энелер бийликтен жеңилдетилген ипотекага үй берүү маселесин чечип берүүнү талап кылышты. Алардын талабын Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын өкүлдөрү угуп, жетекчилерге жеткирүүгө убада беришти.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргыз өлкөсүндө 30 миңден ашуун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Алар ай сайын төрт миң сомдун тегерегинде жөлөк пул алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.