super.kg logo
  Спорт  

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты. Муну менен Токио-2020 Олимпиадасына жолдомону камсыздады (видео)

 

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова күрөшүүдө. Бүгүн, 19-сентябрда ал 62 килограмм салмакта килемге чыкты.

Чейрек финалдык беттеште Тыныбекова украиналык Юлия Ткач менен кез келди. Кызуу беттеште эки балбан тең упайларды алып жатты, бирок чечүүчү упайды Тыныбекова алып, 9:6 эсебинде жеңип алды.

Бул жеңиш менен Тыныбекова жарым финалга чыгып, Токио-2020 Олимпиадасына жолдомого ээ болду. Бул кыргыз спортчулары үчүн төртүнчү жолдомо.

Жарым финалда кыргыз балбаны Түндүк Кореянын балбаны Йоң Сим Рим менен беттешет.






Дүйнө Чемпиондугу: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(1)
19.09.2019. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Айсулуу!Алга!Ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: