super.kg logo

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев: "Кой-Ташка баруу жарандык позициям болгон"

 

Бүгүн, 19-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаевди моралдык жактан колдоо үчүн баргандыгын Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын жыйынында билдирди.

"Кой-Таш айылында ызы-чуу болуп жатат дегенинен, эл менен кошо Алмазбек Атамбаевдин резиденциясына жол алдык. Резиденцияга 100 метр жетпей, кагылышуу болуп жатыптыр. Жалаң жаш балдар. Ок атылып жатат. Ары жакта камуфляжчандар да бар экен. Мен элге барып "ок атылбасын!" дедим. Ошол убакта кулак тундуруучу граната жарылды. Андан кийин эле бутума ок тийип, жаракат алдым. Анан мени ал жактан алып чыгып кетишти. Андан аркы окуяларды мен жаңылыктардан эле көрүп жаттым", - деди ал.

Ал эми комиссия мүчөсү "сиз мурдагы УКМКнын жетекчиси катары "Альфа" кызматына кандай баа бересиз?" деп сурады. Сегизбаев "этикалык негиздерге жатпайт, мен бул боюнча жооп бербей эле коёюнчу" деди.

Ошондой эле Сегизбаев Кой-Таш айылындагы айылдаштарына мал союп бергенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
19.09.2019. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соттолсун
19.09.2019. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куу түлкү кууланып актанып баштапсың го. Убагында шефиң экөөң көп ишти ойлоп таап далай кишини сыздаттыңар эле жалган жалаа менен. Эми сага жалган жалаа жаппасын болгону кылган иштериңе гана жооп берсең татыктуу жооп алган болосуң.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: