super.kg logo

Кремлден Путинди кетирүү үчүн Якутиядан Москвага жөө чыккан бакшы Бурятиядан кармалды

 

Путинди президенттиктен кетирүү үчүн Якутиядан Москвага жөө сапарга чыккан бакшы Александр Габышевди Бурятиядан полиция кызматкерлери кармашты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Габышев өзүн бакшы деп атап, Кремлден "кара күч" деп атаган Путинди кетирүү керектигин билдирген. Бул үчүн ал бир канча ай мурун Якутиядан жөө сапарын баштаган. Анын Москвага жөө сапарга чыгышы бат эле интернетке тарап, атагы чыккан. Аны менен кошо чогуу сапарга аттангандар да болгон.

Анын санаалаштары Бурятиядагы шайлоого нааразачылыктарын билдирип, Улан-Удэ шаарында санкциясы жок митингге чыгышканы үчүн полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Александр Габышев Бурятиянын федералдык трассаларынын биринен жөө кетип бара жаткан жеринен кармалган.

Полиция азырынча Габышевдин эмне үчүн кармалганын түшүндүргөн жок. Бакшы сурак берүүсү үчүн Якутскка жиберилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
19.09.2019. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орустар кудайды карап эле тобоо кылып жашашса болот. Алма быш оозума туш деп отурган жалкоолор бут Путинди жаман корушот. Калгандары иштеп аракет кылгандар эч бийликке претензиясы жок эле жыргап жашап жатышат.
20.09.2019. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
gute, биринчиден орустар жыргап жашап жаткан жери жок. Ушунча чон аймакты ээлеп, бут кен байлыктарга ээ Россияда элдин жашоо денгээли Европа олколорунун арткы сабында. Айрыкча региондордогу элдердин жашоо турмушуна мышык ыйлайт. Айылдарында дээрлик жумуш жок, копчулук айылдарда чал-кемпирлер эле калган. Жаштар Москва ж.б.шаарларга кочуп кеткен иш издеп. Россия коррупцияга белчесинен баткан. Путинге нааразычылык кучоодо. Ошондо эмне кыласын калп суйлоп...
20.09.2019. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Losw1,зато элин жерин башкаларга саткан жок карызга батырган жок
20.09.2019. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Muratmipa, Россиянын да карызы бар. Ким айтты карызы жок тыштан деп?!

Ал эми жерлерине келсек чек ара маселеси боюнча Путиндин саясаты туура. Россиянын 1 карыш жерин башкаларга бере элек. Кайра Крымды кошуп алышты. Бирок, бирок Сибирь менен Ыраакы Чыгышка кытайлар крчуп келип жайгашууда. Кытайлар орун очок алып калса, ким билет, балким 50-100 жыл отпой Кытайга отуп кетээр Уралдын ары жагы Тынч океанга чейин...

Орустар оздору да айтып журот, Сибирди кытайлар каптоодо деп
20.09.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muratmipa,Кытайлар ээлеп алган жашап калган жерлерди угуп коро элексинби?Давно кытайга сатылып азырда сатылып жаткан жерлери коп.
20.09.2019. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Путиндин ордуна дагы бир Горбачев же Ельцинге окшогон бироо келгенде, Россия жок болуп кетмек. Так что орустар Путинден айлансанар болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: