Пакистанда унаа айдап бара жатып, түз эфирге чыккан блоггер жана анын үч досу жол кырсыгынан каза болду




TikTok'тогу публикациялары менен белгилүү болгон пакистандык блоггер Даниял Хан түз эфирге чыгып жатканда каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, ал Пакистандын борбору Исламабадда унаа айдап бара жаткан. Анын жанында дагы 3 досу болгон. Блоггер түз эфирге чыгып, ошол эле учурда унааны жогорку ылдамдыкта айдап келе жаткан. Унаанын башкаруусун жоготуп, жүк ташуучу машина менен сүзүшкөнү жазылат басылмаларда. Даниял Хан жана 2 досу окуя болгон жерден жан берген, үчүнчү досу ооруканадан көз жумган. Алар 20-22 жаштагы жигиттер болушкан.
Полиция Даниял Хан чектен ашкан ылдамдыкта бара жатканын билдирген. Маркум өзүнүн шаарында белгилүү блоггер TikTok жылдызы деп таанылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Опкосун колтуктап унаа айдаса, эртеби кечпи кырсык кутот...