Бишкекте 8-9-августта массалык башаламандыкта "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларын талкалаганга шектүүлөрдүн бири кармалды
Тектеш кабарлар: Атамбаевдин кармалышынын чоо-жайы жана андан кийинки камакка алуулар (264 материал)

Маалыматка ылайык, 8-9-августта балдардын тобу Аалы Токомбаев жана 7-апрель көчөлөрүндө коомдук тартипти бузуп, жолду тосуп, жолдо өтүп бара жаткан унааларды токтотуп, текшерип айдоочуларды коркуткан.
"Шектүүлөр ИИМдин бир нече кызматтык унаасын зыянга учуратып, камераларды талкалашкан. Окуядан кийин алар качып кетишкен. Бул окуянын кесепетинен 3 миллион сомдук зыян келтирилген, ошондой эле факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам иш-чараларынын негизинде бул окуяга шектүү катары 26 жаштагы М.С. аттуу жаран кармалган. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Милиция учурда башка дагы шектүүлөрдү издеп жатат. Кармалган шектүүдөн жабыркагандар болсо, милиция кызматкерлери төмөндөгү номерлерге байланышып коюну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0505 39-88-00, 0550 10-25-99.
Август айындагы Бишкектеги башаламандык Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө кармалгандан кийин болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
isarti

20.09.2019. 09:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуларда адамдык сапат деле жок.
bessmertiy

20.09.2019. 10:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарбиясыз наадан дегенден башка сөз жок.
Makedonia

20.09.2019. 10:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калгандары эчак эле качып кетти го Россияга же дагы башка жагына.
ooki8888

20.09.2019. 14:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ак эгегин менен бир айда тапканынды, бир мунотто тартып алган, камера каракчы эмеспи???
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.