super.kg logo

Өкмөт: "Эки мамлекет тең чек ара аймактарынан аскердик техника менен аскерлерди чыгарып кетүү чечимин кабыл алды"

 

Кыргыз-Тажик тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен бир катар макулдашууларга келишти. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын макулдашуусунун негизинде кыргыз-тажик тилкесиндеги чыр-чатактарды басаңдатуу боюнча бирдиктүү чараларды кабыл алуу жөнүндө маселелер талкууланды.

«Оңой эмес, бирок конструктивдүү диалог болду. Тараптар кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн болгон күч-аракетин жумшады. Тажик тарап менен бир катар макулдашууларга жетиштик. Эки мамлекет тең чек ара аймактарынан аскердик техника менен аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечим кабыл алды. Ошондой эле тараптар чек арадагы такталбаган тилкелерде курулуш иштерин жүргүзүүнү токтотууну макулдашты. Кыргыз-Тажик премьер-министрлеринин тапшырмасы менен, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялар чек ара маселелерин чечүү боюнча ишти күчөтөт. Учурда кыргыз-тажик тилкесинде 5 көзөмөл-өткөрүү бекети тең, анын ичинде Кулунду-унаа жол көзөмөл-өткөрүү пункту штаттык режимде иштеп жатат, чек арада кырдаал туруктуу. Эвакуацияланган Максат айылынын тургундары өз үйлөрүнө кайтты, эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чек арага жакын жайгашкан аймактарды биргелешип күзөтүүдө", - дейт иш-аракеттер тууралуу маалымат берүүдө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө, эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдары чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өз ара ишеним, мурда жетишилген макулдашууларды так аткаруу жана эки жактын кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде гана чек ара маселелерин чечүүдө оң жылыштарга жетишсе болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
20.09.2019. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык. Анын сыңарындай, Президент Сооронбай Жээнбековдун кошуна мамлекеттер менен мамилени жакшыртуу аракеттерине күбө болуп жатабыз… Айтайын дегеним, Тажикстан менен чек араны тактоо багытында олуттуу аракеттер көрүлүп жатат. Тынымсыз жолугушуу уланууда ушул нукта кетсе акыры баары чечилет чечлбеген нерсе барбы.
20.09.2019. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bektur2011,С. Жээнбековго тиешеси жок темага деле Жээнбековду мактай бересинби?Мен деле Кара Кулжадан болом.Кошоматчылыктын чеги болот.Сен ото эле ашырып жаткан жоксунбу.Никти бир алмаштырып алчы.Баары сени таанып калды.
20.09.2019. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эки элди чек арадан жолуктуруп бир чоңураак той сыяктуу бир нерсе өткөрсө кандай болоор экен
20.09.2019. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чек арада куралдуу күчтөрдүн турушу абалдын туруксуздугуна алып келет. Ошондук өкмөттөр туура кадам жасаптыр.
20.09.2019. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин оюм боюнча кыргыз тажик озбек казак татар жана башка мусулмань улуттар бир болушубуз абзел деп билем себеби эртең аркы дүйнөгө барганда улутуна карабайт динге карайт ошон үчүн биримдикте болгонубуз абзел Буйруса иншАалах баары жайына келет биримдике болойлу туугандар . Биргелешип кытай деген балакеети жок кылышыбыз керек өлкөбүздөн ошолор номер 1 душман бизге.
salimbek87.kg түзөттү 2019-09-20 11:48:51
20.09.2019. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул чечкиндуу чечим эмес, чек араны тактап чечиш керек ошондо чечилет, эртен эле эки улуттан дагы урушушат дагы эле баягы баягы койчумандын таягы
20.09.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
откондо бироо айтты эле, аларды экономика менен бууш керек деп ошондой кылыш керек, бизге тажиктерден андай эле коп нерсе отпойт, а бизден коп нерсе (нефть, цемент ж.б.) отот ошолорду откорбой коюш керек
20.09.2019. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechirmeni,Анан кимге сатасын алардан башка эч ким албайт!
20.09.2019. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар бош келиптир,унчукпай кала береби?Баарибир тажиктерге жерди бердинерби?
20.09.2019. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки жактын кызыкчылыгы деп арендага берген жана басып алган жердин жарымын бересинерби?
20.09.2019. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эканомикасын бууганга биздин депутатчиктер чыдабайт. Алардын товары отпой калат.
20.09.2019. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртен эле кайра ошо болот! Канча жылдан бери ушундай кылып элди алаксытып келип же алар же эл тажабады!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: