super.kg logo

Жактоочу: "Атамбаевди куттуктаганы үчүн анын жан сакчысы УКМКнын 9-кызматынан иштен алынды"

 

"Алмазбек Атамбаевди туулган күнүндө куттуктагандыгы үчүн анын жан сакчысы Канат Сагымбаев УКМКнын 9-кызматынан иштен алынды". Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев ырастап, төмөнкүлөргө токтолду.

"Сагымбаев бүгүн, 20-сентябрда иштен алынды. Буга чейин ал Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаган болчу. Бул видеороликти Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев даярдап жаткан, августтун аягында биз Канат менен Кой-Таштагы окуя болгон жерлерди көрүү үчүн барганбыз. Ошондо Кадыр ага Атамбаевди видео аркылуу куттуктоону сунуштаган. Канат макул болду. Макул болгонунун себеби, 9-кызматтын ички эрежелерине ылайык, андагы кызматкерлерге коомчулукка видеокайрылуу жасоого, журналисттерге маалымат берүүгө тыюу салынат. Бирок кимдир бирөөнү куттуктоого, видео аркылуу да куттуктоого тыюу жок", - дейт Жоошев.

Ошондой эле ал УКМК Сагымбаевди кызматтан алып жатканда "Сен Атамбаевди куттуктадың, бул сенин кызматыңа дал келбеген аракет" деген негиз менен кетиргенин кошумчалады. Мындан тышкары, жактоочу Сагымбаевге пенсия гана төлөнө тургандай кылып, калган мыйзамда каралган төлөмдөрдүн баарын алып салганын айтты.

Азырынча УКМК бул боюнча маалымат тарата элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: