Орусияда автобустун айдоочусу кыргыздарга карата ачык жек көрүүсү үчүн жумуштан алынды
Орусияда автобустун айдоочусу кыргыздарга карата ачык жек көрүүсү үчүн жумуштан алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Мосгортранс" мамлекеттик ишканасы коомдук транспортту айдаган айдоочунун кыргыздар тууралуу айткан билдирүүсүн карап чыгышкан. Анда айдоочу август айынын аягында, автобуста келе жаткан корей улутундагы жаранды арткы эшиктен түшүрүүгө макул болгон эмес. Ошондой эле аны мазактап, сөзүнө кыргыздарды да кошуп кеткен.
Мындан улам айдоочу кызматтан четтетилген. Ошондой эле видеого тартып калган активистке "Мосгортранс" мамлекеттик ишканасы ыраазычылык билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
2

Bekobalanyn созундо жан бар ,Азыр автобустагы турникеттерди алып салбадыбы,мен билгенден кээ Бир мекендештерибиз жыргап эле калды жол кире толобой. Бир жолу Град Московскийге автобуста бараткам рейд журуп жатканго текшеруучулор кирип калды. Орто тарапта бир кыкен отурган шашып, тушконго умтулуп калды контролёр сураганга баш бербей эле туртуп чыгып кетти. Тиги контролёр окен узбек деп согунуп коет. Ал кыкен экенин ал жерде Бир эле Адам билдиго дейм