Соңунда кыргыз желеги желбиреди. Айсулуу Тыныбекованын алтын медаль алып келген беттешинен көз ирмемдер (сүрөт, видео)
















Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде дүйнө чемпиону аталды. Финалда ал 2018-жылдын дүйнө чемпиону болгариялык Таибе Юсейн менен кез келди.
Беттештин алгачкы бөлүгүндө Тыныбекова 2 упай алса, атаандашы 1 упай алган. Экинчи бөлүктө болгариялык балбан чабуулун күчөтүп, 2 упай алып кетти. Муну менен эсеп 3:3 болуп, акыркы упай алганы үчүн Юсейн жеңүүчү аталмак. Бирок беттештин акыркы мүнөтүндө Тыныбекова ийгиликтүү чабуул жасады. Калыстар дароо 2 упай берип, эсеп саны 5:3 болду. Тыныбекова - кыз келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону!
Айсулуу Тыныбекова - дүйнө чемпиону!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
18

Аллахым бактылуу айымдардын катарына кошуп кооп бала чакалуу Апа бол эми