Азия чемпиондугуна (u-16) тандап алуу оюндары: Кыргыз футболчулары БАЭге бир гол айырмачылыгында жеңилди

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 16 жашка чейинки Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында тайпалык оюндардын 2-туру өттү. Анда F тайпасынын алкагында эки оюн орун алды.
Кыргыз футболчулары Бириккен Араб Эмирликтери менен кез келди. Оюндун 1-таймында үй ээлеринин дарбазасына эки гол кирди. Экинчи бөлүктө кыргыз футболчулары чабуулун күчөтүп, Бекназ Алмазбеков 87-мүнөттө пенальтиден айырмаланды. Калган мүнөттөрдө эсеп саны өзгөргөн жок. Тилекке каршы, кыргыз футболчулары арабдарга 1:2 эсебинде жеңилип калды.
Экинчи оюнда Ирак Ливанды 2:1 эсебинде жеңип алды.
Эми 3-турдук оюнда кыргыз футболчулары Ирак менен ойнойт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Abdizhapar

21.09.2019. 15:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женилди деп эле журо берет экенбиз да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.