Владимир Путин спорттогу устатын акыркы сапарга узатуу учурунда жан сакчыларын күтпөй бир топко жөө басып барды
Владимир Путин


Владимир Путин

Владимир Путинин алгачкы машыктыруучусу Анатолий Рахлин
Бүгүн, 9-августта Санкт-Петербургда дзюдо боюнча Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Анатолий Рахлин акыркы сапарга узатылды. Спорт чебери менен коштошуу зыйнатына Орусиянын президенти Владимир Путин катышты. Өлкө башчы табытка гүл коюп таазим кылып, спорттогу алгачкы устатын эскерди. Маркумду имараттан алып чыгып кеткенден кийин Путин унаага отурбай жана жан сакчыларын күтпөй Ватутин көчөсүн бойлой бир топко жалгыз басып барды. Айта кетсек, Анатолий Рахлин узакка созулган оорудан соң 76 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал убагында дзюдо боюнча Владимир Путинди 10 жылдай машыктырган.
Путин дзюдо боюнча устаты көз жумгандан соң жалгыз көчөдө басып өттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
6

