Таласта өткөн Улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталып, эстафета Ошко өткөрүлүп берилди











Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 21-сентябрда Талас облусундагы «Манас-Ордо» Кыргыз улуттук тарыхый-маданий комплексинде өткөн биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземинин жабылышына катышты. Бул тууралуу президенттин аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Өз сөзүндө мамлекет башчысы, Көчмөндөр оюндары кыргыз элинин биримдигин, бир эл, бир журт экенин даңазалаган тарыхый жөрөлгөнү жаңыртып, улантып жатканын белгиледи.
Салтанаттуу аземде «Манас» эпосу боюнча театрлаштырылган оюн-зоок, бардык облустардан келген спортчулардын жана маданият өкүлдөрүнүн парады, концерттик программа көрсөтүлдү. Улуттук көчмөндөр оюндарын 2020-жылы өткөрүү эстафетасы Ош облусуна берилди.
Талас облусундагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук оюндардын 8 түрү боюнча спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган.
Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келерки жылы Түркияда өтөт.

Курманжан датка энебизжин да 200 жылдыгы бизде өткөн ошол жерде откорсо соонун болмок