Өзбекстан 60 жаштан өйдө курактагыларга ипотекага үй бербей турган болду
Өзбекстанда 60 жаштан жогорку курактагы жарандарга ипотекага үй алууга тыюу салынды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Юстиция министрлиги бул боюнча токтомго өзгөртүү киргизилгенин кабарлаган. Анын негизинде эми 60 жашка чейинки гана жарандар ипотекага үй ала алышат.
"2020-жылдан тартып ипотекалык негизде жеке турак үйлөрдү куруу жана курулуп бүткөн үйлөрдү насыяга алуу айыл жеринде жашагандар үчүн 20 жылдык мөөнөткө узартылат. Буга чейин анын мөөнөтү 15 жылды түзгөн. Ипотекалык насыя 18 жаштан жогорку Өзбекстандын жарандарына берилет. Буга чейин мындай насыя алуучулардын жашына чек коюлган эмес болсо, эми 60 жаштан жогоркулар ала алышпайт", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
isarti

22.09.2019. 11:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда деле пенсионерге бербейт да. Анын эмнеси жанылык.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.