super.kg logo

Кадыр Атамбаев: "Аскердик прокуратура кары-картаңдан тартып эмчектеги баласы бар аялдарга чейин суракка алууда"

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев бүгүн, 22-сентябрда саат 9:00дөн тартып Аламүдүн районундагы Таш-Төбө айылындагы милиция бөлүмүндө жүргөнүн билдирди. Буга "УКМКнын, "Альфанын", ИИМдин башчысы кызматтан кетип, президентке импичмент каралсын" деп 1700 жарандын Башкы прокуратурага кайрылгандыгы себеп болгонун белгилейт.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Башкы прокуратура бул арызды карап чыгып, күч структураларынын башчыларынын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн Аскердик прокуратурага жөнөткөн.

"Ал эми Аскердик прокуратура жекшемби күнү арызга кол койгондорду, анын арасында 70-80 жаштагы чоң энелерди да суракка чакырууда. Суракка эмчектеги балдары бар келиндер да барууда. Активисттердин биринин апасын бир жарым саат суракка алышып, күч органдарынын башчыларына эч кандай нааразычылыгым жок деп кол коюп берүүгө ынандырышкан. Ушул жерге кол коюп кете бериңиз деп жатканда мындай чектен ашкандыкты жактоочу токтотуп калды. Айрым аялдарды алардын абалына, саламаттыгына карабай 5 саатка чейин суракка алышууда. Кол койгондорду текшерүү түнгө чейин уланчудай. Мындан улам бул жерде болууну чечтим", - дейт Атамбаев.

Ошондой эле ал сурактагыларды 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына катыштыгы бар күч структураларынын башчылары жоопко тартылсын деген талабым жок дегенге көндүрүү аракеттери жүрүп жатканын кошумчалаган. Мындан тышкары, арыз ээлерин жекшемби күнү суракка алышканына басым жасаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(8)
22.09.2019. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Атан иштеп атканда ушинтип журсон кана. Атан канча бейкунооо адамдарды камады
22.09.2019. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ээ койчу азыраак апыркылачы


22.09.2019. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Надо будет ответишь, хоть ким болбо, так что ыйлай бербечи, эркекта сендей болотпу эзилип былжырап!
22.09.2019. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Атан президент убагында ушуга окшогон нерселерди айтып чыкпайт белен кыйын экенсин.Алма сабагынан алыс тушпойт сен деле атанын баласысын озунчо баатыр болуп коруно бербе
jugorsk түзөттү 2019-09-22 16:08:34
22.09.2019. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атан элдин баарын кылмышка туртуп озу кирип кети
22.09.2019. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Буну Бумеранг же болбосо кайтар дуйно деп коет.
23.09.2019. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз болсун сана алкаштын баласы! Ыйлактабай эркектей бол, тарбия коргонсунбу!
23.09.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында атаң тайраңдабай түз иштесе мынчалык тергөө болбойт эле да. Баары жооп берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: