super.kg logo

Улуу Британияда 1 мүнөт кечигип калган почточу иштен алынды. Сот муну туура деп тапты

 

Британиялык 28 жылдык тажрыйбасы бар почточу соңку ирет катты дарегине 1 мүнөткө кеч бергендиги үчүн иштен алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя өткөн жылдын сентябрь айында болгон. Бирок коомчулук соттук процессттер жүрүп жатканда гана бул тууралуу билишкен. Роберт Локьер Эшфорд шаарында почточу болуп иштейт. Ал ошол күнү саат 13:00дө банкка жиберилген документти жеткирип бериши керек болгон. Айтылган дарекке барганда аны кабыл алган кызматкерде кезекте тургандар болуп, ал да кезек күтүп калган. Ошентип документ банк кызматкеринин колуна саат 13:01де жетип, кол 13:01де коюлган.

Бирок Локьер бул үчүн жумушунан алынган. Банк кызматкери почточу ага төрт мүнөт эрте келгенин, кезек күтүп туруп калганын айтканы менен жумуштан кетирүү чечими өзгөргөн эмес. Бул чечимге нааразы болгон почточу сотко кайрылган. Анткен менен сот да анын пайдасына чечкен эмес.

"Роберт Локьерго буга чейин 2 жолу эскертүү берилген экен. Ошондо дагы бир жолу ката кетирсе иштен алынары айтылган. Мындан улам жетекчилигинин чечими туура", - деген сот.

"Мен буга ишене албай жатам. Мен кайрадан иштегим келет, мурдагы милдеттеримди аткаргым келет. Балким мага Профсоюз жардам берет деп үмүттөнүп турам", - дейт почточу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
23.09.2019. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде иштеш кечиккен эмес адам олтурсо да баары бир го
23.09.2019. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Почталеон болгуң келсе Кыргызстанга келип иште бир жума кеч жеткирсең деле боло берет.
23.09.2019. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Штраф кагазы почтальон 1айдан кийин алып келип жатат
23.09.2019. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhykyo,1 минута деп турат.
23.09.2019. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo,бизде))
23.09.2019. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге келип иште анда
23.09.2019. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш киши...
24.09.2019. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыйзам деп ушулардын мыйзамыны айтса болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: