Бишкек-Ош унаа жолунда тормозу иштебей калган Хонда Фит каршы тилкеде келе жаткан унаа менен сүзүштү
Бишкек-Ош унаа жолунун 116-чакырымында эки жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам жабыркады. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 22-сентябрь күнү саат 12:00 чамасында катталган. Анда Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа түштүктөн түндүккө карай бара жатып, машинанын тормозу иштебей калып, каршы тилкеде келе жаткан Субару Легаси унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Хонда Фит унаасынан эки жүргүнчү, Субару Легасинин айдоочуcу жабыркап, ооруканага кайрылышкан. Алар амбулатордук жардам алып, андан ары жолун улашкан. Учурда бул жол кырсыгы боюнча бардык маалыматтар топтолуп, тийиштүү иштер аткарылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
isarti

23.09.2019. 09:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактасын бөөдө кырсыктан. Алладан тилейли.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.