"Чернобыль" сериалы "Эмми" сыйлыгынын "Эң мыкты мини-сериал" номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды
Чернобыль АЭСиндеги жарылууну чагылдырган "Чернобыль" сериалы "71-Эмми" премиясынын "Эң мыкты мини-сериал" номинациясын багындырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Чернобыль" сериалы менен сыйлыкка "Даннемор абагынан качуу" (Побег из тюрьмы Даннемора), "Фосси", "Курч предметтер" (Острые предметы), "Алар бизди көргөндө" (Когда они нас увидят) сериалдары да ат салышкан.
Сериалдын жаратуучусу Крэйг Мэйзин сыйлыкты алып жатып, анын долбоору чындыктын канчалык маанилүү экенин жана калптын канчалык коркунучтуу экенин жеткирүү үчүн жаралганын белгилеген.
"Чернобыль" сериалы 2019-жылдын 6-майында НВО телеканалында жарыкка чыккан. Тасма сюжети 1986-жылы Чернобыль АЭСиндеги жарылуунун айланасында болуп өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.