super.kg logo

Чүй ОИИББи: "Ысык-Атада үйүнөн чыккан бойдон 3 күн дайынсыз болгон Ислам Айтымбетов Кочкор районуна кетип калган"

 

Ысык-Ата районунда 12 жаштагы Ислам Айтымбетов үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, милиция 3 күндөн кийин тапкан. Анын 3 күн бою кайда жүргөндүгү такталып жаткандыгы маалыматта айтылган.

Чүй ОИИББи ал бул күндөрү Нарын облусунун Кочкор районундагы чоң атасынын үйүндө болгонун билдирди.

“Ал буга чейин да үйдөн качып жүргөн. Азыркы тапта баланын туугандарына кандай жол менен барганы такталууда. Бала азыр өз ата-энесинин үйүндө, Кочкорго туугандарын сагынганы кеткен экен. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы Ислам Айтымбетов менен профилактикалык маек жүргүздү. Азыр абалы жайында", - деп билдиришти Чүй ОИИББнин маалымат кызматынан. Маалым болгондой, Ислам Айтымбетовдун апасы Түркияда иштейт.

Статистикага кайрыла турган болсок, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына түшкөн маалымат боюнча өткөн жылдын 12 айында 1718 адамдын жоголгондугу боюнча арыздар түшкөн. Алардын 98 пайызы табылып, үй-бүлөсүнө кайтарылган. Дагы 35 кишинин тагдыры белгисиз бойдон калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: