super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасында жарадар болгон дагы 3 жаран Бишкекке алып келинди

 

Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан жарадар болуп, Лейлек аймактык ооруканасында дарыланып жатышкан 3 жаран Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Лейлек райондук администрациясынын аппарат жетекчиси билдирди.

Маалыматка ылайык, жарадар болгон жарандар 20-сентябрь күнү Бишкектеги Улуттук госпиталга алынып келинген. Алардын арасында бирөөнүн абалы оор.

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги да маалыматты төмөнкүчө толуктады.

"Алынып келинген 2 жарандын абалы орто бирок оор. Ал эми комада жаткан 27 жаштагы К.К. аттуу жаранга келери менен операция жасалды. Бүгүнкү күндө абалы оор. Комада, бирок туруктуу деп бааланууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов каза болгон. Мындан тышкары, дагы 13 жаран жаракат алган. Ал эми жаракат алгандардын 10у тик учак менен Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда алынып келинген. Башкы прокуратура каза болгон чек арачынын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: