super.kg logo
  Саясат  

Оштогу жайлоодо Ленин чокусунун 85 жылдыгына арналган фестиваль өттү. Ага 500дөй чет элдик альпинист катышты

 
Ош облусунун Чоӊ-Алай районундагы деңиз деңгээлинен 3700 метр бийиктиктеги Ачык-Таш жайлоосу
Аймакта мурда курман болгон альпинисттердин мемориалы
Иш-чарага ЖКнын депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү жашоочулар катышты
Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн ИИМдин кызматкерлери иш алып барды
Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 500дөн ашуун альпинист келип катышты
Катышуучулар жана туристтер үчүн Ленин чокусуна экскурсия уюштурулду
Деңиз деңгээлинен 3700 метр бийиктиктеги Ачык-Таш жайлоосу
Улуттук искусстводогу буюмдардын жарманке-көргөзмөсү уюштурулду
Ат жалында кыргыз айымы
Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 500дөн ашуун альпинист келип катышты
Фестиваль учурунан
Төө минип сейилдегендер
Эркектер арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду
Кыз куумай, тыйын эңмей, оодарыш жана башка улуттук оюндар боюнча мелдештер уюштурулду
Кыз куумай, тыйын эңмей, оодарыш жана башка улуттук оюндар боюнча мелдештер уюштурулду
Фестиваль учурунан

7-август күнү Ош облусунун Чоӊ-Алай районунда деңиз деңгээлинен 3700 метр бийиктиктеги Ачык-Таш жайлоосунда Ленин чокусунун 85 жылдыгына арналган фестиваль болуп өттү. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага ЖКнын депутаттары, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, Ош облусунун жашоочулары жана чет элдик альпинисттер катышты. Фестивалды баштаардын алдында атайын түзүлгөн делегация мурда аймакта курман болгон альпинисттердин мемориалына барышып, эскерүү мүнөтү болду. Иш-чаранын алкагында кыз куумай, тыйын эңмей, оодарыш жана башка кыргыздын улуттук оюндары менен бирге эркектер арасында волейбол оюну боюнча мелдеш уюштурулду. Жергиликтүү жашоочулар улуттук искусстводогу буюмдардын жарманке-көргөзмөсүн уюштурушту. Мындан сырткары концерттик программа тартууланды. Маалыматка ылайык, фестивалга дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 500дөн ашуун альпинист келип катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: