Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев: "Депутаттар Жогорку Кеңештин таркашын каалабайт. Анткени булардын көпчүлүгү кийинки шайлоодо өтүшпөйт". КҮНСОБОЛ
Жакында айрым маалымат булактарында "Жогорку Кеңеш таркайт" деген божомолдор жарыяланган. Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоонун мөөнөтүнөн эрте өтөрү айтылууда. 6-чакырылыштын эрте тароосуна кандай себептер негиз болушу мүмкүн?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев бул парламент тарабай турганын айтты. "Алар өздөрүн таркатууга негиз түзбөйт. Буларды "чөнтөк парламент" деп айтса болот. Депутаттар өздөрүнүн жанын багыш үчүн кайсы шайтан болсо да кызматташып кеткенге толук даяр. Алар парламенттин таркатылышын каалабайт. Анткени булардын көпчүлүгү кийинки шайлоодо өтүшпөйт", - дейт Чолпонбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

