Бишкекте Спорт шаарчасын курууга 12 гектар жер бөлүндү
Өкмөттүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы №454 буйругуна ылайык, Бишкекте Спорт шаарчасын курууга 12 гектар жер бөлүндү.
"Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагындагы жалпы аянты 12 гектар аянт жерди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берсин", - деп жазылат буйрукта.
Аталган аймак Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндөгү №86/2 дарегинде жайгашкан. Ошондой эле бул жердеги 18 гектар жер Бишкек мэриясынын карамагына өткөн.
Спорт шаарчасын куруу иштерин Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.






1 |