super.kg logo

"Төрөткө мен дагы катыштым" дейт кыздуу болгон ырчы Курал Чокоев

 

Ырчы Курал Чокоев кырк жылкылуу болду. Ырчынын жубайы Жанара бүгүн, 24-сентябрда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Жубайым 5 саатка жакын толгоо тартты деген Курал Чокоев буларга токтолду.

"Жубайымдын толгоосу саат 14:00дө башталган. Кечки саат 18:50дөн өткөндө кызыбызды жарык дүйнөгө алып келди. Төрөткө мен дагы катыштым. Кызыбыздын салмагы 3 килограмм 290 грамм, бою 52 сантиметр болду. Учурда эне, баланын абалы жакшы.

Буга чейин кыздуу болорубузду билчүбүз. Алдын ала Акылман деген ысым тандап койгонбуз. Биринчиден, нукура кыргызча ат, экинчиден кызыбыз акылдуу болсун деген тилек менен ушундай ысым ыйгардык", - дейт ал.

2018-жылдын 24-сентябрында ырчы Курал Чокоев бойдокчулук менен коштошуп, Чолпон-Ата шаарында кыз узатуу тою өтүп, андан соң жубайын өз үйүнө алып кеткен. Ал эми түгөйлөрдүн үлпөт тою 30-октябрда Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
24.09.2019. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бешик боонор бек болсун! Омуру узун кыз болсун, акылдуу, ыймандуу болсун!
24.09.2019. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
24сентябрь 2018 үйлөнүп, 24сентябрь 2019 кыздуу болуптур. Куттуктайбыз Бешик боонор бек болсун.
24.09.2019. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызынар эч нерседен кем болбосун!
25.09.2019. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы ат коюпсунар, арабча ат тажатты го чиркин. Кызынар бактылуу болсун.
25.09.2019. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ээй жигиттер бир аз болсо да уялып намыстансаңар боло качан эркек аялы менен чогу төрөчү эле Кыргыз экениңерди унутпагылачы батыштын сойку келесоо эркектерине окшоп намысты унутуп салбай .
25.09.2019. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Молодец куттуктайбыз!!!
27.09.2019. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылай десе болмок. Акылман эркеке жарашчуу атко. Элде жок ат болсун дешкенго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: