Бүгүн Жогорку Кеңеште билим берүү министри Каныбек Исаков ант берет
Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берет. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Жыйынга президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу күтүлүүдө.
Буга чейин Исаковду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары колдогон.
4-сентябрда мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган. Акыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигине жана анын жетекчилигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн эле. Жакында эле Нарын облусундагы контейнер мектептин ачылыш аземи социалдык тармактарда талкууга алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
altyn-kumush

25.09.2019. 09:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каныбек Абдуваситович жаңы кызмат ордуңуз кут болсун. Кыргыз билим берүү системасын жогорку деңгээлдерге алып чыга бериңиз. Ийгилик!!!
Erik2018

25.09.2019. 09:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул министр эми каталарга жакшылап көңүл бурат деген терең ишеничтемин анткени өзү да тилчи экен.
Jaznura

25.09.2019. 09:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Исаков берген антынын өтөөсүнөн чыгып жакшы иштейт деп ишенем
Samatalibei

25.09.2019. 09:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы ниетте бололу. Жакшы иштеп берсин, билимдуу жаштар кобойсун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.