super.kg logo

Орусияда чогуу жашаган аялды муунтуп өлтүрүп, качып кеткенге шектелип Кыргыз жараны кармалды

 

Орусияда адам өлтүрүүгө шектелип Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүнү Орусиядагы өкүлчүлүктүн кызматкерлери колго түшүргөн.

"Ушул жылдын август айынын аягында Москва облусунда 51 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Бул факты адам өлтүрүү беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте бул ишке шектүү катары жаранды кармашкан. Ал 54 жаштагы Ош облусунун тургуну А.А. аттуу жаран болгон. Учурда шектүү камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү маркум аял менен чогуу жашаган. Ал аял менен уруша кетип, аны муунтуп өлтүрүп, өзү окуя болгон жерден качып кеткен", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.09.2019. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урушбай эле бир жерини кысып жүрсөң болбойт беле жашың өткөндө түрмөгө түшүп.
25.09.2019. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстанга качып келе берсе Ким тапмак
25.09.2019. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чет элде бир кылмышка бараарда артыбыздан кыргыз деген улутка коо суйкоп жатканыбызды ойлоп, сабырдуурак, акылдуурак бололучу мекендештер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: