Жогорку Кеңеште билим берүү министри Каныбек Исаков ант берди
Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берди.
"Билим берүү жана илим министри кызматка киришип жатып өз элимдин, Жогорку Кеңештин, президенттин алдында ант берем. Берген антымды бузган учурда мыйзамдарга ылайык, жоопкерчилик тартканга даярмын", - дейт Исаков.
Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков катышууда.
Буга чейин Исаковду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары колдогон.
4-сентябрда мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган. Акыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигине жана анын жетекчилигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн эле. Жакында эле Нарын облусундагы контейнер мектептин ачылыш аземи социалдык тармактарда талкууга алынган.








1 |