super.kg logo

Москвада 23 жаштагы Кыргыз жараны көп кабаттуу кеңсенин сыртында иштеп жатканда жип үзүлүп кулап, каза болгондугу маалымдалды

 

Москвада курулушта иштеген кыргыз жигити кырсыктан каза болуп калды. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын активисти Улан Кошматов жеке баракчасына жазды.

Ага ылайык, маркум 23 жаштагы Б.З. 19-сентябрда көп кабаттуу кеңсенин сыртында курулуш иштерин жасап жаткан. 7-кабатта турган учурда жиби үзүлүп кетип, жерге кулаган.

"Тез жардам" чакыртылып, Москвадагы №1-ооруканага жеткирилди. Комада 2 суткага жакын жатты. Алган жаракаты өтө оор болгондуктан, 21-сентябрь күнү бул дүйнө менен кош айтышты", - деп жазды ал.

Анда белгиленгендей, каза болгон жаран Орусияга Жалал-Абад облусунун Сузак районунан барган.

"Маркум эл катары Москвага келип, ата-энеме, бир туугандарыма жардам берип, үйлөнүп жайлансам деп иштеп жүргөн эле. Айылдаштары анын сөөгүн мекенге жөнөтүү боюнча сүйлөшүп каражат топтолуп, уруксат кагаздарын даярдап, 24-сентябрда узаттык", - деп жазылат анда.

Азырынча маалыматты Кыргыздын Орусиядагы өкүлчүлүгү тастыктай элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
25.09.2019. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эч бир ата-энеге салбасын мындай кайгыны. Байкуш бала, жаткан жери жайлуу болсун.
25.09.2019. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эч кимге жамандыгы жок бала болчу.Аллахым жаннаттан жай берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: