super.kg logo

EliteHouse өлкөнүн түштүктөгү борборунда да сатуу бөлүмүн ачты

 

Батир же коммерциялык мүлккө ээ болуу - ар бир кыргызстандык үчүн маанилүү кадам. Эми Ош облусунун жана Ош шаарынын жашоочуларына да үйлөрдү курган компаниядан толук маалымат алууга, объекттеринин курулуш баскычтары менен таанышууга, заманбап турак жайдын курулуш стандарттары жана сапаты боюнча билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ушул жылдын 20-сентябрында Ош шаарында EliteHouse курулуш компаниясынын сатуу бөлүмүнүн кеңсесинин ачылышы салтанаттуу түрдө өттү. Салтанаттуу иш-чара музыкалык программа менен коштолуп, фуршет уюштурулуп, катышуучуларга компания тарабынан белектер берилди.

Компаниянын аймактагы филиалдарынын координатору Арген Кубатбек уулу EliteHouse'тун Оштогу өкүлчүлүгүнүн ачылышы компания үчүн маанилүү иш болгонун белгиледи.

"Биздин кардарларга максималдуу түрдө жакшы шарттарды түзгөнгө аракеттенебиз жана заманбап, сапаттуу, курулуштун бардык нормаларына жана коопсуздуктун талаптарына жооп берген кыймылсыз мүлктөрдү сунуштайбыз", - деди ал.

Өлкөнүн түштүктөгү борборунда ачылган кеңсе EliteHouse'тун 5-кеңсеси болду. Салтанаттуу ачылыштын катышуучулары жана компаниянын өнөктөштөрү компаниянын Оштогу өкүлчүлүгүнүн ачылышы кардарлардын убактысын үнөмдөөгө шарт түзөрүн айтышты. Мындан тышкары, эми алар кеңсеге түз келип, кызматкерлер менен бетме-бет отуруп мүлк тууралуу кенен, толук маалыматтарды ала алышат.

Өз кезинде, жеткиликтүү берилген маалымат компаниянын кардарларына туура тандоо кылганга жана заманбап, сапаттуу мүлккө инвестиция кылышына чоң жардамын берет.

EliteHouse компаниясынын Ош шаарындагы кеңсеси Ленин көчөсү №271 дарегинде жайгашкан. Ал кардарларды иш күндөрү саат 9:00дөн 20:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алат.

Толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.


кошулду





Elite House өлкөнүн түштүктөгү борборунда сатуу бөлүмүн ачты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: