super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңештин төрагасы орусча текстти кыйналып окуганы катуу сындалды. Мамлекеттин экинчи жүзү болгон адам мамлекеттик тилде сүйлөсө болбойт беле? Махабат Мавлянова: "Төрага кыргыз тилинде сүйлөсүн деген сөз болгон"

 

Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отуруму өттү. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков орусча текстти кыйналып окуганын коомчулук сынга алууда. Ал эми айрым жарандар мамлекеттик тилде эле баяндама жасаса туура болмок деген пикирлерин айтышууда.

SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин төрагасы орусча текстти кыйналып окуганы катуу сындалды. Мамлекеттин экинчи жүзү болгон адам мамлекеттик тилде сүйлөсө болбойт беле?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова аталган отурумга ал дагы барганын айтты. "Биз 4 депутат жана төрага болуп Нур-Султан шаарына барганбыз. Төрага кыргыз тилинде эле сүйлөсүн деген сөз болгон. Бирок ал үчүн 8 тилде синхрондук котормо болушу керек эле. Ал жакка котормочуларды ээрчитип барышыбыз шарт болмок. Ага биздин техникалык мүмкүнчүлүгүбүз жок да", - дейт Махабат Мавлянова.






Жогорку Кеңештин төрагасы орусча текстти кыйналып окуганы катуу сындалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: