super.kg logo

Кенияда мектептин дубалы урап 7 окуучу каза болду

 

Кенияда сабак учурунда окуучуларга мектептин дубалы урады. Кырсыктын кесепетинен 7 бала каза болуп, дагы 64 окуучу оор жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда айтылат.

Алгач мектептин дубалы кыйрап, андан соң экинчи кабаты толук бойдон урап калган. “Бул мектеп жеке менчик болуп саналат. Мектеп стандартка туура келбеген материалдардан курулушу мүмкүн. Азыркы учурда жабыркагандар ооруканаларга жайгаштырылган. Кырсык болгон маалда иштөө убактысы токтогон. Эмнеге окуучулар иш убактысынан тышкары окушканы белгисиз”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми мектеп директору кырсык жакында орнотулган канализация түтүкчөлөрүнүн айынан болушу мүмкүн экенин белгилеген. Өлкөдө дагы 30 миңге жакын авариялык мектеп бар.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүндө авариялык абалдагы 190 мектеп бар экендиги айтылган.






Эң кедей мамлекеттердин бири болгон Кения менен Кыргызстандагы мектептердин абалы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: