super.kg logo
  Саясат  

Депутат Сайдулла Нышанов: "Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлери төраганы орусча баяндама жасаганга даярдаш керек эле". КҮНСОБОЛ

 

Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отуруму өттү. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков орусча текстти кыйналып окуганын коомчулук сынга алууда. Ал эми айрым жарандар мамлекеттик тилде эле баяндама жасаса туура болмок деген пикирлерин айтышууда.

SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин төрагасы орусча текстти кыйналып окуганы катуу сындалды. Мамлекеттин экинчи жүзү болгон адам мамлекеттик тилде сүйлөсө болбойт беле?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышановдун айтымында, ар дайым кыргызча сүйлөп жүргөн адам орус тилинде текст даярдаганда, тили бир топ кайрылбай кыйналат.

"Мен эл аралык конференцияларга көп катышам. Ал жерде кыргызчадан башка тилдерге котормо жок болгондуктан, мамлекеттик тилде сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк болбойт. Ар дайым кыргызча сүйлөп жүргөн адам орус тилинде текст даярдаганда, тили бир топ кайрылбай кыйналат. Бул жерде биринчи күнөө ал жакка кошо барган аппараттын кызматкерлеринде. Кыргыз тилдүү баяндамачыларды аппарат кызматкерлери даярдашы керек. Баяндаманы 10 сыйра окуганда жакшы болмок. Бул кийинкиге сабак болот. Бала бакчада, мектепте 100 пайыз кыргыз тилинде окуган адам атайын даярдыгы жок башка тилде баяндама жасаганы оор болуп калат", - дейт Нышанов.






Жогорку Кеңештин төрагасы орусча текстти кыйналып окуганы катуу сындалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: