super.kg logo

Премьер-министр менен Дүйнөлүк банктын өкүлү жолугушуп, кызматташуу маселелерин талкуулашты

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар жана Швейцария конфедерациясынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Вероника Ульман менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик мүлктү башкаруу тутумун реформалоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, өкмөт мамлекеттик башкаруу чөйрөсүн реформалоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жатат. Анткени бүгүнкү күнү көпчүлүк мамлекеттик менчик объекттеринин рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү төмөн бойдон калууда.

Ал белгилегендей, бул жаатта көйгөйлөр көп, анын ичинде кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги, корпоративдик башкаруунун төмөн деңгээли жана каржылоонун жетишсиздиги бар.

Жолугушууда мамлекеттик мүлктү натыйжасыз башкаруу өлкө экономикасына таасирин тийгизери белгиленди.

Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар жана Швейцариянын Элчиси Вероника Ульман жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилешип, Кыргыз өкмөтүнүн күч-аракеттерин колдоого, реформаларды ишке ашырууга даярдык билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.09.2019. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дүйнөлүк банк эң өнүккөн мамлекеттер үчүн кандай маанилүү болсо Кыргызстан үчүн деле ошондой маанилүү. Мындай дүйнөлүк уюмдар менен ымала куруу өлкөбүздүн пайдасы үчүн болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: