super.kg logo

Өзгөндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 71 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүүлөр кармала элек

 

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында 71 жаштагы сыныкчынын жансыз денеси 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү өз үйүнүн короосунан табылган. Азыркы учурда бул факты боюнча шектүүлөр кармала элек. Ал эми Ош ОИИБинин басма сөз кызматы учурда кызматкерлер ар кандай версиялар менен иштеп жатканын билдирди.

Окуянын чоо-жайы:

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында 71 жаштагы сыныкчынын жансыз денеси 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү өз үйүнүн короосунан табылган. Ыкчам-тергөө тобу барганда короодо аялдын жансыз денеси жатканын көрүшкөн. Маркум көмкөрөсүнөн жаткан жана бир жарым метр алыстыктан канга боёлгон бычак табылган. Анын денесине сырттан кароо жүргүзгөндө артына 9 жолу миздүү нерсе менен сайылганы аныкталган. Аялдын буту жана чачы күйгөн. Үйдүн 30 пайызы күйүп кеткен. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми маркумдун кошунасы эч кимге зыяны жок, элге пайдасы гана тийген аял болчу деп айтып берген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: