super.kg logo

Өзгөндөгү жатак мектептин жатаканасынан чыгып кетип дайынсыз болгон 15 жаштагы Нурдана Райымжанова табылды

 

Ош облусунун Өзгөн районунда дайынсыз жоголду деп изделип жаткан 15-жаштагы Нурдана Райымжанова табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрь күнү Өзгөн РИИБине Мырза-Аке айылынын тургуну, М.Разаков атындагы №76-жетим жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын жатак мектебинин тарбиячысы арыз менен кайрылган. Арызда 13-август күнү саат 18:00 чамасында мектептин жатаканасынан 9-класстын окуучусу, 15 жаштагы Нурдана Райымжанова чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болгондугун билдирген.

Өзгөн РИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын негизинде, 26-сентябрь күнү дайынсыз жоголгон Нурдана Райымжанова Ош шаарынан табылды. Ал апасына өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда окуучу кыздын эмне себептен мектеп интернатынан чыгып кеткендигинин себептерин аныктоо максатында кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.09.2019. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сойкуканага алып барып иштетишпеди болду бекен тарбиячылар?? Азыр элден баарын кутсо болот,эч нерсеге тан калбай деле калдык
27.09.2019. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалим сойку канага алып барып иштетпейт эч качан. Эмне болсо мугалимге директорго асылып уйронуп калдык. Мугалим ошол созду жазышты уйротуп койду. Эми кенен кенен жазып асыла берели.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: