Өмүрбек Бабанов Москвага кайра учуп кетти



Мурдагы депутат, саясатчы Өмүрбек Бабанов Москвага кайра учуп кетти. Маалыматты тарапташтары тастыктап, ал бүгүн кеткенин билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бабанов аба майдандагы көзөмөл постунан тоскоолдуксуз өткөн.
"Ал өлкөнүн ичинде да, өлкөдөн сыртка да эч тоскоолдуксуз жүрөт" дешти анын тарапташтары. Ошондой эле алар Бабановдун Москвага эмне себептен кеткенин так билишпей турганын, бирок кайтып келерин кошумчалашты.
Ал эми жеке булактар берген сүрөттө Өмүрбек Бабановдун жанында Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев отурат.
Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен болчу. Ага УКМК 2 кылмыш ишин козгогон, анын бири токтотулган. Ушул жылдын 9-августунда Бабанов өлкөгө кайтып келген. Андан кийин аны Финпол менен УКМК бир нече ирет суракка чакырган.

Сокенин озу камалат. Азыркы Сооронбай кетмейинче бизде жакшылык болбойт. Ойлонуп коргулочу Соорорнбайлар оздору кимдер эле. Эч кандай кадыр баркы, элге жакшылык кылышкан эмес. Эми минтип Атамбаевтин колдоосу менен келип алып, Кыргызтанга оз билемдик кылып алганы кандай болсун. Сооронбай келгенде эмнебиз менен жыргап кеттик. Сооронбай озу иштей албайт же бироону иштетпейт. Сооронбайды кетиребиз. Бийлик сооронбайлардын менчиги эмес. Жээнбеквтордон калыстык кутпогуло. Жээнбековтун би