super.kg logo

Кант кызылчасын өстүргөн дыйкандардын эмгеги акталбай, чыгымга учурап жатышат

 

Ысык-Ата жана Сокулук райондорундагы айылдардын дыйкандары кант кызылчасынын баасы чыкпай, кетирген чыгымдары акталбай жатканын айтып чыгышты. Фермерлер менен заводдордун ортосундагы келишимге ылайык, завод түшүмдүн 50 пайызын акчалай, калганын кумшекер түрүндө төлөп келген.

Быйыл 50 тонна кызылчага 30 пайыз гана акчалай акы берилип жатканын айтышат. “Жылдан жылга кант кызылчасын өстүрүү пайдасыз болуп баратат. Быйыл айдоо аянтымдын 10 гектарына кант кызылчасын отургузгам. Ага 100 миңден ашык суммадагы акча корогон. Убактымды, эмгегимди, каражатымды кетирип, жыйнап алган түшүмүмдүн баасы акталбай жатат. Буга чейин “Кошой” заводуна өткөрчүмүн, алар кызылчаны келишимде көрсөтүлгөн баадан төмөн алып жатат”, - деди фермер Нурбек Турдуканов

Маселенин чоо-жайын тактоо үчүн Сокулук районуна караштуу “Кошой” кант заводуна байланышканыбызда жетекчиге кат түрүндө кайрылгыла деп, жооп берүүдөн баш тартышты.

Ал эми "Кайыңды-Кант" заводуна байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык: "Тилекке каршы, азыр кумшекердин баасы төмөндөп кеткен. Буга тышкы себептер таасир берип жатат. Биринчиден, Орусиядагы кумшекердин ашыгы менен Кыргыз өлкөсүнө импорттолуп келиши. Экинчиден, өлкөнүн ички рыногуна кирген кумшекердин үстөк пайызы жок келиши. Биздин мамлекет ЕАЭБке киргендиктен, экономикалык саясатка кирише албайбыз. Андыктан азыркы фермерлер менен болуп жаткан кырдаал бизден көз каранды эмес. «Кайыңды-Кант» заводу келишимде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык, фермерлерге аванс төлөдү. Кумшекердин рыногунда түзүлгөн абалга байланыштуу биздин ишкана дагы каржылык каатчылыгына учурап жатат. Учурда мамлекеттик органдар менен биргеликте, кошумча каражат издеп жатабыз. Ал каражаттар фермерлерге келишимде көрсөтүлгөн пайыздык сумманы төлөө үчүн колдонулмакчы", - деди "Кайыңды-Кант" заводунун өкүлү Руслан Рафибеков.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.09.2019. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оа кумшекер 36сомго тушуп калды






1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: