Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги Малахов боюнча үн катты
Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги алып баруучу Андрей Малаховдун эфир учурунда айткандары тууралуу үн катты.
"Малахов биздин баатыр эмес. Алып баруучунун айткандары боюнча бир гана сөз айтса болот, адамды капа кылуу оңой, бирок аны менен жашоо кыйын. Анан дагы бүтүндөй элди кемсинткениң туура эмес", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, кечээ, 24-сентябрда орусиялык "Россия 1" каналында "Прямой эфир" теле берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малахов эфир учурунда Кыргыз жараны Исламбек Акбаровду кылмышка күнөөлөгөн.
Малаховдун аталган көрсөтүүсү миллиондогон Кыргыз жарандарынын кыжырдануусуна жем таштаган.
Алар интернет желелери аркылуу #maLOHov хештеги менен орусиялык алып баруучунун Кыргыз өлкөсүнөн кечирим суроосун талап кылып чыккан.




















1 |