super.kg logo

Наристе кучактап жолдо кайыр сурап жүргөн эркек кишинин аты-жөнү аныкталды

 

Интернетке болжол менен 1 жашка жете элек баланы көтөрүп алып, жолдо кайыр сурап жүргөн эркек кишинин сүрөтү тарап, талкууга алынган. Бул сүрөт боюнча Бишкек ШИИББи тарабынан териштирүү иштери башталган.

Милиция кызматкерлери бул кишини таап, анын аты-жөнүн аныкташты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 26-сентябрь күнү Октябрь райондук милиция кызматкерлери аталган кишини таап, анын 1968-жылкы У.А. аттуу жаран экендигин жана анын баласы 2018-жылы туулган А.М. экендигин аныкташкан. Кишинин айтымында, ал жубайы менен жашы жете элек төрт баланы тарбиялап келишет.

"Милиция кызматкерлери жана Октябрь райондук администрациясынын социалдык өнүктүрүү башкармасынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери балдардын кандай шартта жашап жаткандыгы менен таанышуу үчүн алардын жашаган үйүнө жөнөштү", - деп айтылат маалыматта.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
26.09.2019. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алты саны аман туруп неге кайыр сурайт? баланы кыйнап.
27.09.2019. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бекер акчага конгон да бир нерсе десе эле жумуш жок деп чыга калышат,аракет кылып иштейин дебейт андан коро бала которуп кочого чыга калып акча чогулкан жакшы дейт да женил ойлоп !
27.09.2019. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Койгула туугандар, балким баары биз ойлогондой эле эместир, атанын ден-соолугу жол бербейт чыгаар, балким дагы башка?! Өзүбүздүн каталардын үстүндө иштейли.
27.09.2019. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaary,ден-соолук жол бербесе озу чыксын баланы курал кылбай!
27.09.2019. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kyrgyz-jigit.com,Абайлап суйло, сын такпагыла эртен эмне болоорунарды эчким билбейт, колунардан келсе барып жардам бергиле.
27.09.2019. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Багалышпаса эмнеге баланы жарата беришет, балага да бактылуу балалык керек. Жаралып калгандары үчүн алар күнөөлүү эмес.
27.09.2019. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Бир адам басып откон жолду басып отмоюнчо ал адам жонундо эч нерсе айтба дейт. Значить турмуш ошого жеткирген. Ким эле алдейди которуп алып кайыр сурагысы келсин тем боле эркек киши. Бул кундорда отот кетет, балдарыныз чоноюп оорунузду колдон женилиризди жерден алган кун келет. Сабыр кылыныз.
27.09.2019. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ainura220888, Туура айтасын
27.09.2019. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ainura220888,туура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: